Өзгөн: өрттөн каза тапкан 4 бала үйдө чоң энеси менен болгон. Трагедиянын чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Өзгөндө өрттөн каза тапкан балдар үйдө чоң энеси менен болгонун ӨКМден айтышты.
Кырсыктан улуу небереси менен аял аман чыгууга үлгүргөн. Ал эми кичинекейлер башка бөлмөдө болгондуктан куткара албай калышкан.
"Аял чоң небереси менен көчөгө чуркап чыгып, кыйкырып, элди жардамга чакырган. Алар аман калып, тилекке каршы, башка бөлмөдө уктап жаткан балдар көз жумду. Колдогу алдын ала маалыматтарда, жалын бузулган электр плитасынан чыккан", — дешти ӨКМден.
Министрликтен балдар бир туугандардыкы экенин айтышты.
Эске салсак, түндө Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында үйдөн өрт чыгып, төрт бөбөк каза тапкан.
Чүйдө унаа өрттөнүп, эки киши күйүп кеткен окуя. Адам өлтүрүү боюнча иш козголду