Кыргызстан беш жыл аралыгында Airbus A321 учагынан онду сатып алат

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Алдыдагы беш жылда Asman Airlines авиакомпаниясы он заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын жетекчиси Манасбек Самидинов билдирди.
Маалым болгондой, "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому менен BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын ортосунда Airbus А321 үлгүсүндөгү эки даана учак сатып алуу боюнча келишимге кол коюлган.
Ал эми министрлер кабинети учактарды жыл аягына чейин "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коомуна өткөрүү пландалып жатканын билдирди. 180-200 жүргүнчүгө ылайыкташкан аба кемелери болжол менен тынбай 6 миң чакырым учууга жөндөмдүү.
Бул стратегиялык чечим каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага каттам ачуу каралууда.
Кыргызстанда тик учак оңдогон алгачкы борбор ачылды