"Эч нерсе кыла албайсыңар". Көкүлов менен кайгуулчунун сүйлөшүүсү делген диалог тарады

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Социалдык тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов менен Кайгуул милициясынын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Надырбек Жусуповдун диалогу делген аудиосүйлөшүү тарады.
Анда Көкүловдүн үнүнө окшош адам зарылчылык болсо административдик укук бузууларды жасоого укугу бар экенин айтып жатат. Ошондой эле өзүнүн кызматтык автоунаасы Кайгуул милициясынын атайын автоунаасынан "жогору турарын" да айткан.
Sputnik агенттигине бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы мыйзам алдында бардык адамдар тең экенин жана жоопко тартыларын билдиришти.
Жол кыймылынын эрежелеринин 3.1 пунктуна ылайык, каршы тилкеге чыгууга, маяк жана сиренасы күйгүзүлгөн атайын транспортко (тез жардам, милиция, өрт өчүрүү ж.б.) гана уруксат берилет. Эл өкүлүнүн кызматтык автокөлүгү тууралуу Жол кыймылынын эрежелеринде эч нерсе айтылган эмес.
Буга чейин Кайгуул милициясы депутатты тыюу салынган белгинин алдында автокөлүгүн токтоткону үчүн 1000 сом (жеңилдик менен — 300 сом) айып пулга жыккан. Көкүлов анда өзүн "кол тийбес" экенин айткан. Кечээ депутат бул жагдай боюнча түшүндүрмө берген.
Депутат Көкүлов Old Bishkek долбоору боюнча жетекчилерди зекиди