БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Эгерде Тель-Авив менен Вашингтон Ирандын жетекчилигин кайрадан жок кылууга аракет кылса, Тегеран алардын Димона шаарындагы өзөктүк реакторуна сокку урат. Мындай эскертүүнү Иран бергенин ISNA агенттиги билдирди.
Маалыматты аскердик чөйрөдөгү аталган маселеден кабары бар киши айткан.
"Эгер АКШ менен Израиль Ирандагы бийликти алмаштырууга аракет кылса, Тегеран Димонадагы атомдук реакторго чабуул коет", — деп билдирген ал адам.
Эске салсак, Израилдин эки өзөктүк изилдөө борборунун бири Димона шаарында жайгашкан. Ачык маалыматтарга таянсак, ал жерде курулган атомдук реактордон курал-жаракка колдонуучу плутонийди алууга болот. Борбор МАГАТЭнин көзөмөлүндө эмес. Израиль өзөктүк тогуз державанын бири деп эсептелет, бирок расмий түрдө өзүндө мындай куралдын бар экенин ырастабай же төгүндөбөй келет.
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Ирандын аятоллоасы Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчылары, жай жарандар өлгөн. Ирандын Кызыл жарым ай коому 131 шаардык округ чабуулга кабылып, анын кесепетинен кеминде 787ге чукул адам көз жумганын билдирген. Алардын ичинде бейкүнөө кеткен 165 окуучу кыз бар.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда.