Таза суунун тарифтери көтөрүлөбү? Депутат мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков таза суунун тарифи көтөрүлөт делген мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, мыйзам долбоору кабыл алынса суунун баасы дароо эле көтөрүлүп кетпейт. Учурдагы тарифтер өзгөрүүсүз калат. Бирок суу системалары жаңы киргизилген айылдарда эсептегичтер орнотулуп, тариф сууну жеткирүүгө кеткен чыгымдарды жабууга багытталат.
"Айыл тургундары суунун өзүн сатып албайт, алар сууну жеткирүүгө кеткен кызматтын гана акысын төлөйт. Бул система өзүн-өзү акташы керек. Себеби буга чейин көп айылдарда таза суу системалары курулганы менен аларды тейлөөгө акча каралган эмес. Натыйжада жаңы курулган системалар тез эле иштен чыгып калган учурлар болгон", — деди депутат.
Ошондой эле ал ЖМКларда "суунун тарифи 37 сомго чейин кымбаттайт" деген сөз болжолдуу алынган орточо эсеп экенин айтып, ал литрине эмес, 1000 литрге (1 куб) карата эсептелгенин түшүндүрдү.
"Тарифтер аймактын шартына жараша айырмаланат. Айрым жерлерде суу скважина аркылуу чыгарылып, насос жана электр энергиясы колдонулат, бул кошумча чыгымдарды талап кылат. Башка аймактарда суу тоодон агып келип, чыгым азыраак болот", — деген эл өкүлү.
Ал ошондой эле жаңы тарифтер мыйзам кабыл алынгандан кийин дароо бүткүл өлкө боюнча киргизилбей турганын белгиледи.
Эгер жергиликтүү тургундар тарифти өзгөртүүгө каршы болсо, анда айыл өкмөттөрү өз бюджетинен каражат бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн карай алат.
Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттардын маянасын ачыктады