Президент ырайым кылган Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкканы айтылууда

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Социалдык тармактарга Даниэл Ажиевдин түрмөдөн үйүнө тик учак менен кетти деген видео тарады.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров вебкам-студиялардын уюштуруучусу Ажиевге ырайым кылган.
Роликтин автору тик учак Ажиевди Петровкадагы түрмөдөн алып кеткенин айткан. Ошондой эле аны Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Сарчаев жана түрмөнүн башчысы узатканын белгилеген.
ӨКМ тик учак 22-январда 268 миң сомго ижарага берилгенин Sputnik Кыргызстанга билдирди.
"Тик учак түрмөнүн аймагына эмес, талаага конгон. Анда ким болгонун билбейбиз", — деди министрлик.
Жазаларды аткаруу кызматынын маалымат бөлүмү Ажиев көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу чыкканын, аны туугандары тосуп алганын билдирди.
"Жазаларды аткаруу кызматы стратегиялык объект деп эсептелет. Анын аймагына тик учак кондурууга тыюу салынган. Ажиев түрмөдөн чыгарылды, туугандары тосуп алып, чыгып кеткен. Андан кийин эмне болгонун биз билбейбиз", — деп билдиришти ведомстводон.
Даниэл Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган. Ошондой эле 220 миң сомдук айыпка жыгылган.
Чүйдөгү түрмөнүн экс-жетекчиси 30 миң доллар пара алууга шектелип кармалды. Видео