Азербайжандын аэропортуна Ирандын дрону кулап, өрт чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Азербайжандын Нахичевань аба майданынын аймагына дрон кулап, өрт чыкты. Бул туурасында РИА Новости жана аталган республиканын ЖМКлары жазды.

"Ирандан кое берилген пилотсуз учуучу аппарат Нахичевань аэропортуна түшкөн. Расмий түзүмдөрдүн Азербайжандын жарандык инфраструктурасына Ирандын чабуул коюшу боюнча билдирүү жасашы күтүлүүдө", — деп жазды АПА агенттиги.

Азербайжан ТИМине Ирандын Бакудагы элчиси чакырылганын RT жазды.
Биринчи тараган маалыматтарда жабыркагандар жоктугу айтылды.
Иран АКШнын Сауд Арабиядагы элчилигине чабуул койду. Видео