БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. АКШнын Иранга каршы аскердик операциясына кетирген акчасы күнүнө 1 миллиард долларды чапчыйт. Мындай маалыматты Atlantic басылмасы Американын Конгрессиндеги ишенимдүү маалымат булагына таянып таратты.
"АКШнын Согуш министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, Ирандагы операция күн сайын бюджетке 1 миллиард доллардай чыгым алып келүүдө", — деген жазган журналист Нэнси Юссеф.
Буга чейин Financial Times гезити Пентагондун өкүлдөрү америкалык армия Иранга каршы операцияда курал-жаракты эбегейсиз көп сарптап жатканын моюндаганын жазган. Ошол эле маалда Пентагондун жетекчиси Пит Хегсет аскердик операциянын мөөнөтүн буга чейин айтылган 4-5 жумадан 8 аптага чейин узарткан.
28-февралда АКШ менен Израиль Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга чабуул койгон. Ирандын аятоллоасы Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчылары, жай жарандар өлгөн. Соңку маалыматтарга таянсак, бул бул согуш 787ге чукул ирандыктын өмүрүн алды. Алардын ичинде бейкүнөө кеткен балдар да бар.
Иран буга жооп катары Израилдин аймагына, ошондой эле АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объектилерине сокку урууда. Ал эми 4-мартта Шри-Ланканын жээгинде Ирандын IRIS Dena аскердик кемеси америкалык армиянын бутасына кабылып, 80ге чукул адам каза тапканы кабарланды. Муну эске алганда Тегеран тараптын жоготкон адамдарынын саны дагы өстү.