Кыргызстан табигый акиташты тышка чыгарууга убактылуу тыюу салды

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бийлик өндүрүлгөн же казылып алынган табигый акиташты ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары өлкөлөргө чыгарууга убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чектөө алты ай бою күчүндө болот жана иштетилбеген же одоно майдаланган акиташка, ошондой эле тик бурчтуу же чарчы формадагы кесилген блоктор менен плиталарга бөлүнгөн материалга да тиешелүү (ЕАЭБ ТН ВЭД коддору 2515 11 000 0 жана 2515 12 000 0).
Тийиштүү мамлекеттик органдарга товарларды мыйзамсыз алып чыгууга жол бербөө боюнча чараларды көрүү тапшырылды.
Кыргызстан ЕАЭБ ичинде эт өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыкты