6-мартка карата аба ырайы

6-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жума күнү айрым жерлерде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 4…9, Талас жергесинде 3…8, Ысык-Көл облусунда 2…7, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 6…11, Нарын өрөөнүндө 1…6 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 6…8, Ош шаарында 8…10 градуска жетет.
Баткенде жети жасалма мөңгү тоңдурулду. Сүрөт