Салт жана технология: «Жомокчу» ИИ менен жомокторду мультфильмге айлантат

Sputnik
Салт менен технология айкалышкан жаңы долбоор — «Жомокчу». Бул демилге кыргыз жомокторун жандандырып гана тим болбостон, жасалма интеллекттин жардамы менен аларды мультфильм форматына да чыгарып жатат. Байыркы жомоктор жаңы муунга кандай жеткирилет? Долбоордун максаты эмне? Дүйнө эле кыргыз эли тууралуу мультфильмдерден биле алабы? Бул тууралуу бүгүн студиябыздын коноктору менен сүйлөшөбүз.