Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?

Sputnik
Кыргызстанда 2022-жылы “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. 2026-жылдын 19-январындагы өзгөртүүдө Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөө милдетин расмий түрдө Мамлекеттик финансы рыногун көзөмөлдөө кызматына бекитүү пландалууда. Крипто тармагында көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү тууралуу Финкөзөмөл кызматынын Виртуалдык активдер рыногун көзөмөлдөө, контролдоо жана мониторинг жасоо бөлүмүнүн башчысы Чынара Бактыбекова айтып берди.