АКШ, Израиль, Иран согушу: дүйнөнү эмнеге кептейт?

Sputnik
Америка менен Израилдин Иранга карата ачкан согушунан улам Иран бийлиги Ормуз кысыгын жапты. Бул өз кезегинде дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн эксперттер айтышууда. Ошол эле учурда бул согуштун Америка үчүн катуу бирок кыска убакытта бүткөнү керек болсо жаны ачынган Иран узак убакыттарга каршылык көрсөтүп тура бериши мүмкүндүгүн божомолдошот.
Биз бүгүнкү уктуруубуда АКШнын Иранда режим алмаштыруу максаты ишке ашабы, Иран Американын дагы кайсы өлкөлөрдөгү базаларына сокку урушу мүмкүн, деги эле бул согуш дүйнөлүк геосаясатта жана экономикада кандай өзгөрүүлөргө алып келет, КРдин атайын жанаыйгарым укуктуу элчиси, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аликбек Жекшенкулов менен талкууладык.