ИИМ эреже бузган айдоочудан жеринде тест алууну караган долбоорду чакыртып алат

Sputnik
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлиги жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде планшет аркылуу тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү тапшырманы ИИМге өлкө башчы Садыр Жапаров берген.
Президент бул демилгеге карата коомчулук тарабынан айтылган негиздүү сын-пикирлерди эске алуу зарылдыгын белгилеген.
Менчик автомектептер, окуучуларга кирчү жаңы сабак... Садыр Жапаровдун маеги