ИИМ элди тоноп жүргөн ири кылмыштуу топтун 15 мүчөсүн кармады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда 15 адамдан турган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, масштабдуу ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү катары каттоодо турган жарандар кармалган. Алардын өлкө аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү уурулуктарга жана каракчылык кол салууларга тиешеси бар экени аныкталган.
Шектүүлөр административдик имараттарды, соода жана кеңсе жайларын тоноо менен алектенишкен. Кылмыш жасоо маалында өздүгүн жашыруу үчүн аялдын жүзү түшүрүлгөн силикон маскаларды, париктерди жана башка конспирациялык каражаттарды колдонушкан.
Алдын ала эсеп боюнча, келтирилген материалдык зыян 25 миллион сомду түзөт.
Атайын операция учурунда уурулук жабдыктары, радиостанциялар, GPS-трекерлер, сигнал өчүргүчтөр, ошондой эле ок атуучу курал-жарак жана ок-дары алынды. Мындан тышкары, АКСУ автоматы, Макаров тапанчасы, граната, бычактар жана 45 грамм гашиш табылганы маалымдалды.
Кармалгандарга Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") боюнча айып тагылып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул топко абакта жаза өтөп жаткан, мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон адамдардын да тиешеси бар экени аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, эркиндикте жүргөндөр кылмыш жасап, ал эми жаза өтөп жаткандар айрым эпизоддорду мойнуна алуу схемасын колдонушкан.
Учурда кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү толугу менен токтотулуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Караколдо кылмыштуу топтун курал-жарак сактаган жайы аныкталды. Видео