Сауд Арабиядагы 210 кыргызстандык мекенине эки учак менен кайтып келди

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Сауд Арабиясынан келген эки учак Бишкек менен Ошко конду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, Жидда – Бишкек багыты боюнча каттам менен 90, ал эми Жидда – Ош багыты боюнча 120 кыргызстандык келди.
Эске салсак, буга чейин ТИМ Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.
"Сабырдуулукка чакырам". Жапаров Жакынкы Чыгыштан 300 кыргызстандык алып келинерин айтты