Орозо айт 20-мартта белгилениши мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Орозо айт алдын ала маалымат боюнча 20-мартта белгилениши ыктымал.
Бир катар өлкөлөрдө ушул күн белгиленген. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы майрамдын так күнү кийинчерээк жарыяланарын билдирип, ал айдын жаңырганына карап аныкталарын айтышты.
Буга чейин Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулары белгилүү болгон.
Эске салсак, Орозо айы 19-февралда башталган.
Sputnik 2026-жылдагы орозонун календарын даярдаган. Аны ар бир аймак өзүнүн убакыт айырмачылыгына карап колдонсо болот.
Муфтият битир-садаганын өлчөмүн аныктады