БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик социалдык буюртмаларды ишке ашыруу башталганын жарыялады.
Мекеменин билдирүүсү боюнча, буга байланыштуу жарандар жана уюмдар маалымат чөйрөсүндөгү социалдык көйгөйлөрдү, коомдук пайдалуу максаттарды реестрге киргизүү үчүн өз сунуштарын жиберүүгө укуктуу.
Жаран жөнөткөн сунуш министрлик тарабынан каралып, эгерде жактырылса, катталат.
Министрлик сунуштарды 24-мартка чейин кабыл алат. Аны Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, №78 дарегине же mincult@mail.gov.kg дареги аркылуу жөнөтүү керек. Катты жөнөтүүдө темасын "Мамлекеттик социалдык заказ" деп жазуу шарт.
Эгерде суроо же түшүнүксүз жагдайлар болсо 0312-66-38-57 телефондоруна чалып, тактаса болот.