ЖМК: Ирандагы күрд оппозициясы аскердик операцияга катышышы ыктымал

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ирандык күрд оппозициясынын күчтөрү жакынкы күндөрү Ирандын батышында өтө турган кургактагы операцияга катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу CNN телеканалы аты аталбаган аткаминерге таянып кабарлады.
"Ирандык күрд оппозициясынын күчтөрү жакынкы күндөрү Ирандын батышында кургактагы операцияга катышышы ыктымал. Алар АКШ менен Израиль тараптан колдоо күтүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Телеканалдын маалыматына караганда, ЦРУ күрд күчтөрүн курал-жарак менен камсыздоо аркылуу Иранда элдик көтөрүлүштү козутууну пландап жаткандай. Бул боюнча АКШ бийлиги Ирактагы ирандык оппозициялык топтор жана күрд лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгиленди.
АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеранга сокку ура баштаган. Иран жооп катары Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине чабуул жасап жатат.
Маркум Хаменеинин 56 жаштагы уулу Иранга жогорку лидер болду