Израиль: Иранга жетекчи болгондун баары жок кылынат

Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Иранга ким жетекчи болуп келсе да "сөзсүз жок кылына турганын" билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Иран режими дайындаган жетекчинин баары бутага айланат", — деген министрдин сөзүн Израилдин телеканалы келтирген.
Кац премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен армияга тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө камынуу буйругу берилгенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШ жана Израилдин биргелешкен аскердик операциясынын натыйжасында үй-бүлө мүчөлөрү менен каза болгон. Бүгүн анын ордуна 56 жаштагы уулу Можтаба Хаменеи шайланды.
ЖМК: Ирандагы күрд оппозициясы аскердик операцияга катышышы ыктымал