БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. 56 жаштагы Можтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болду. Бул тууралуу Iran International агенттиги кабарлады.
Өлкөнүн жаңы башчысы — маркум Али Хаменеинин уулу, аны Эксперттер кеңеши шайлады.
Эске салсак, АКШ менен Израиль 28-февралда Иран аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Чабуулдан өлкөнүн руханий лидери Али Хаменеи баштаган бир топ кызмат адамдары көз жумду. Иран жооп иретинде Израилдин аймагына, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урууда.
Чабуулдун кесепетинен Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи каза болуп, өлкөдө 40 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Россиянын президенти Владимир Путин Хаменеинин өлтүрүлүшү адамзат моралынын жана эл аралык укуктун бардык нормаларын одоно бузуу менен жасалганын билдирди. РФ Тышкы иштер министрлиги АКШ менен Израилдин чабуулун айыптап, кырдаалды тез арада деэскалациялоого жана согуштук аракеттерди токтотууга чакырды.