БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Быйыл Кадыр түн 17-мартка караган түнү тосулат. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Эреже боюнча, ал Орозо айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет. Мусулмандар бул түндү ибадат кылып, дуба окуу менен өткөрүшөт.
Эске салсак, орозо 19-февралда башталган.
Sputnik 2026-жылдагы орозонун календарын даярдаган. Аны ар бир аймак өзүнүн убакыт айырмачылыгына карап колдонсо болот.