БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Баткен облусунда жасалма мөңгүлөр долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу президенттин облустук өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткенде бул долбоордун алкагында жети жасалма мөңгү тоңдурулган. Алар Баткен районунун Газ, Согмент, Булак-Башы, Кайыңды жана Лейлек районунун Айбике, Көк-Таш, Сумбула айылдарында жайгашкан. Кыш мезгилинде жасалма мөңгүлөрдө 1,5 миллион куб метрден ашык суу топтолгон.
"Жасалма мөңгүлөр – кышында сууну топтоп, жаз жана жай мезгилинде айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн пайдаланууга багытталган заманбап жана натыйжалуу ыкма. Бул ыкма суу тартыштыгы күч алган аймактар үчүн өзгөчө маанилүү", – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор аймактын туруктуу өнүгүүсүнө, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жергиликтүү экономиканын бекемделишине өбөлгө болууда.