Захарова: АКШ менен Израиль Жакынкы Чыгышта өзү билемдик кылууда

Расмий өкүл аталган аймактагы кырдаал боюнча Россиянын позициясына токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ менен Израиль Жакынкы Чыгышта ойлонбогон жана жоопкерсиз иштерди жасап, өзү билемдик кылып аймакты башаламандыкка түртүп жатат. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Вашингтон менен Тель-Авивдин өзүм билем деген жоопкерсиз кадамдары эл аралык укук принциптерин ачыктан ачык тепсеп жатат. Мындай жоруктары менен аймакты башаламандыкка алып келүүдө", — деди дипломат.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова аталган аймактагы кырдаал боюнча Россиянын позициясына токтолду.
"Биз согуштук аракеттерди тез арада токтотууну жактайбыз. Аймактагы бардык өлкөлөрдүн коопсуздугун эске алуу менен маселелерди БУУнун уставынын жана Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин негизинде саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырабыз", — деген ал.
Ал Иран тараптан делген "коркунуч" Вашингтон менен Тель-Авивге жакпаган БУУнун мүчө, эгемендүү мамлекеттин конституциялык түзүлүшүн күч менен кулатуу боюнча эбактан берки максаты болгонуна токтолду. Көбүртүп-жабыртылып жаткан ошол "кооптуулук" жогорудагы максатты ишке ашыруу үчүн шылтоо гана болгонуна эч кандай шек жок экенин баса белгиледи.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль биргелешип, Иранга чабуул жасаган. Бул кол салуу жетекчилеринен тарта жай жарандарга чейин санай келгенде жарым миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинде бейкүнөө кеткен 165 окуучу кыз бар. Мындан сырткары, Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчы каза тапкан.
Путин Хаменеинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу Иран президентине көңүл айтты