БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. АКШ аскер базаларын колдонууга уруксат бербей койгон Испания менен соода алакасын токтотот. Бул тууралуу өлкө президенти Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды. https://ria.ru/20260303/tramp-2078308405.html
Америкалык лидердин айтымында, Мадрид НАТО алкагында коргонуу чыгымдарын көтөрүүдөн баш тарткан.
"Испания чыгымды 5 пайызга көтөрүүдөн баш тарткан жалгыз өлкө. 2 пайыздык деңгээлде калтырып, аны да жарытылуу төлөгөн эмес. Сооданы токтотобуз деп чечтик. Эч кандай алака болбойт", — деди Трамп Ак үйдө Германия канцлери Фридрих Мерц менен жолугуп жатып.
Ал АКШнын аскерлери Испаниянын аскер базаларын Мадриддин уруксаты жок эле Иранга каршы операция үчүн пайдалана аларын белгилеген.
"Испания аскердик базаларын колдоно албай турганыбызды билдирди. Бирок биз кааласак пайдалана алабыз. Жөн эле учуп барып, колдоно берсек болот. Эч ким тыюу сала албайт, бирок биз суроого милдеттүү да эмеспиз", — деди Трамп Вашингтон менен Мадриддин ортосундагы мамиле тууралуу айтып жатып.
Буга чейин Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жетектеген өкмөт АКШнын Ирандагы операциясы үчүн америкалыктарга Кадис провинциясындагы Рота жана Севильядагы Морон аскердик базаларын пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартканын билдирген.
АКШ жана Израиль ишембиде Ирандын аймагындагы объектилерге, анын ичинде Тегеран шаарына сокку ура баштаган. Иран буга жооп катары Израилдин аймагындагы аскердик буталарга, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы АКШнын аскердик базаларына чабуул жасап жатат.
Соккулар Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы Ирандын "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөргө карабастан жасалды. Талкуунун акыркы айлампасы 26-февралда Женева шаарында өткөн.