Кыргызда эки учурда кошок айтылган. Биринчиси кишинин ичер суусу түгөнүп, о дүйнөгө кеткенде айтылса, экинчиси кыз баланы турмушка узатууда. Бирок, ушул эки учурда айтылган кошоктордун да ирет, эрежеси болгон. Адамдын көзү өткөн кара ашында айтылчу кошок, жыл айланган ашында айтылган эмес. Ошондой эле кызды күйөөгө узатып жатып энеси айткан кошокту жеңелери айткан эмес. Турмушка узап жаткан кыздын тайне, чоң эне, апа, эже-сиңди жана жеңелеринин коштошуу кошогун айтууда өзүнүн орду болгон. Бүгүнкү "Кеменгер" программасында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, этнопедагог, акын Урунса Кадыралиева мына ушул эл ичинде кенч болуп сакталып калган кошок айтуу жөрөлгөсүн түшүндүрүп берди.