Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" мыйзам долбоору III окууда кабыл алынды. Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы. Маалымат менен Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы Бакыт Тентишев тааныштырды. Мыйзам долбоору асыл тукум жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан. Анын негизинде өлкөдөгү мал чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн Кыргызстанда асыл тукум ишин регламенттештирүүчү жана жөнгө салуучу мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу сунушталууда. Ошондой эле жыйында "Геодезия, картография жана мейкиндик дайындары жөнүндө" мыйзам долбоору дагы каралып, экинчи окууда колдоо тапты. Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору менен бир топ жаңы түшүнүктөр киргизилүүдө. Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары такталууда. Мындан тышкары, мейкиндик маалыматтарын иштеп чыгууда, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктары үчүн картографиялык ишкердүүлүктү жүзөгө ашырууда мейкиндик маалыматтарынын мамлекеттик фондунда камтылган мейкиндик маалыматтарын жана материалдарды, бирдиктүү электрондук картографиялык негиздин маалыматтарынын милдеттүү пайдаланышы да каралган.
Депутат Нурлан Сыдыгалиев Жогорку Кеңештин жыйынында быйыл Тогуз-Торо, Жумгал жана Кочкор райондору аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун ачылышы пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жол боюна өрт өчүрүүчү станцияларды орнотуу зарыл. "Кочкор районунун Чолпон айылында, Тогуз-Тородогу Казарманда жана Жумгал районунун Куйручук айылында өрт өчүрүүчү станцияларды ачуу керек", — деп баса белгиледи ал.
Бишкектин борборунда унаа токтотуу үчүн акы саатына 50 сом болушу ыктымал. Бул тууралуу мэрия билдирди. Муниципалитет шаарды зоналарга бөлүп, унаа токтотуучу жайлардын акысын 30 сомдон баштоону көздөөдө. Тагыраагы, кызыл зонада 50 сомдон, көк аймакта 40 сомдон, калгандарында 30 сомдон тариф коюу каралып жатат. Автоматташтырылган төлөм системасы киргизилсе алгачкы эки саат үчүн саатына 30-50 сом, андан кийинки ар бир саатка 20 сомдон кошуу пландалууда. Ал эми төлөмдөн качкандарга 1000-5000 сомго чейин айып салынары эскертилген.
Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Иранга ким жетекчи болуп келсе да "сөзсүз жок кылына турганын" билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Иран режими дайындаган жетекчинин баары бутага айланат", — деген министрдин сөзүн Израилдин телеканалы келтирген. Кац премьер-министр Биньямин Нетаньяху менен армияга тапшырманы аткаруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө камынуу буйругу берилгенин кошумчалады.Эскерте кетсек, Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи АКШ жана Израилдин биргелешкен аскердик операциясынын натый