Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу аймактарда кандай жүрүүдө?

Sputnik
Кыргызстанда медициналык камсыздандыруу тутуму акыркы жылдары өзгөрүүлөрдү баштан кечирүүдө. Камсыздандырылган жарандарга медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты боюнча толук маалымат берүү маселеси өзгөчө актуалдуу болуп жатат. Адистердин айтымында, медициналык мекемелердин жана камсыздандыруу фондунун кызматтарынын ачык-айкын иштеши калктын саламаттыгын сактоого, медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга шарт түзөт.
Бул маселени чечүү максатында мамлекеттик камсыздандыруу программасы аркылуу кошумча пакет кызматтарын сунуштоо, кызмат көрсөтүүнүн сапатын көзөмөлдөө жана камсыздандырылбаган жарандар үчүн шашылыш жана негизги медициналык жардамды камсыздоо боюнча ар кандай чаралар колдонулууда. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Жылдыз Асанова жана АйбекКанат уулу ушул маселелерге токтолушту.