Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү тууралуу маселе көтөрүп, бул багытта өзүнүн сунуштарын берди. Эл өкүлү дүйнөлүк рынокто табигый органикалык азыктарга суроо-талап өтө жогору болуп жатканын белгилеп, Кыргызстанда табигый, таза азык-түлүк өнүмүн өндүрүүгө толук шарттар бар деди.
Кантип органикалык айыл чарба продуктусун ЕАЭБге, дүйнөгө экспорттой алабыз? Кандай мыйзамдар кабыл алынышы керек?
Бул тууралуу ЖК депутаты Махабат Мавлянова, Суу ресурстары айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин директору Муктар Чыналиев айтып берди.