Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштери адаттагыдан эки жума мурда старт алды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык тармагындагы чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов билдирди. Анын айтымында, быйыл кыш жылуу болуп, жаз эрте келген. Дыйкандарга алдын ала сезонго даярдык көрүү — ным сактоо чараларын көрүү, жерди иштетүү, үрөн жана жер семирткичтерди өз убагында сатып алуу сунушталган. Ошол эле учурда түштүк аймактарда аба ырайына байланыштуу айдоо темпи жайлады. Учурда аймакта жаан-чачын болуп жатат. Ош облусунда буга чейин 500 гектар аянтка буудай жана арпа себилди. Министрликтин маалыматына караганда, үрөн менен камсыз болуу деңгээли 87 пайызды түзөт. Үрөнчүлүк чарбаларда жана ири компаниялардын кампаларында жетиштүү көлөм бар. Бүгүнкү күнгө чейин 28 миң тонна жер семирткич ташылып келди, жеткирүүлөр уланууда.
Кыргызстанда "Электрондук нотариат" мобилдик тикемеси ишке киргизилди. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, азыркы учурда аны Play Market аркылуу жүктөп алууга болот, жакында App Store платформасында да жеткиликтүү болот. Мобилдик тиркеме аркылуу төмөнкүдөй нотариалдык аракеттерди электрондук форматта жүргүзүүгө мүмкүн: жашы жете электердин өлкөдөн чыгышына ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугун күбөлөндүрүү; жашаган жери боюнча каттоого турууга макулдук берүү; паспорт алуу; жарандыкты алуу же андан чыгуу боюнча макулдуктарды күбөлөндүрүү. Ошондой эле мамлекеттик органдардан документтерди алуу, жүктөрдүн бажы тариздөөсүн жүргүзүү жана мамлекеттик мекемелерде кызыкчылыктарын коргоо үчүн (мүлктү өткөрүп берүүсүз) ишеним каттарды күбөлөндүрүүгө мүмкүн.
Бишкекте жеке үй ээлерине жер тилкелеринде автоунаа токтотуучу жайларды уюштурууга укук берүү каралууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын 2027-жылдын 1-февралына чейин пилоттук долбоор өткөрүү сунушун колдогон. Шаар бийлиги бул жайларды уюштуруунун тартибин жана кызматтар үчүн тарифтерди бекитүүгө, пилоттук долбоор жакшы жыйынтык берген учурда тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды даярдоого милдеттендирилди.
Каракол шаарында 120 МВттык жылуулук электр борбору курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун энергетика министри Таалйбек Ибраев Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курула турган жылуулук ээлектр борборунун долбоору менен жеринен таанышты. "Долбоордун алкагында кубаттуулугу 120 МВт болгон жаңы объектти 110/35/10 кВ "Пржевальск" көмөк чордону аркылуу электр тармагына кошуу маселеси каралды", - деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, бул борбор ишке киргенден кийин өндүрүлгөн электр энергиясы Каракол шаарынын керектөөсүн толук камсыздоого мүмкүндүк берет.