БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалдан улам 300 кыргызстандык алып келинерин айтып, бардыгын сабырлуулукка чакырды.
Ал биринчи кезекте жаш балдар менен аялдарды эвакуациялоо зарылдыгын айтты.
"Бириккен Араб Эмирликтеринде учуп-конууга тыюу салынганына байланыштуу Оман менен сүйлөшүп жалдаган эки учак менен 300 кишини алып кетүү боюнча макулдашууга жетиштик. Биринчи кезекте Оман аркылуу жаш балдар менен аялдар алып келинет", — деп айтты мамлекет башчы.
БАЭ учуп-конууга уруксат берилсе калган кыргызстандыктардын бардыгын бир күндө алып чыгып кетүүгө өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жете турганын айтты.
"Бардыгыңыздарды сабырдуулукка чакырам", — деди Жапаров.
Эске салсак, буга чейин ТИМ Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлаган.