ЖМК: Украина Ирандагы окуядан улам дүрбөлөңгө түшүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. АКШ менен Израилдин Ирандагы аскердик операциясы Украина үчүн чоң коркунуч жаратууда. Бул тууралуу "Страна.ua" сайтына таянып РИА Новости жазды.
"Украина энергия ресурстарын импорттоочу өлкө катары кошумча ири чыгымга туш болот. Мындан тышкары, энергиянын кымбатташынан улам Киевдин негизги донору болгон Евробиримдиктин финансылык туруктуулугу кыйла алсырайт. Экинчиден, Украина абадан коргонуу системалары үчүн ракеталарды албай калышы мүмкүн (анткени алар артыкчылыктуу түрдө Иран менен согушка жөнөтүлүшү ыктымал)", — деп жазылат макалада.
Басылманын маалыматына ылайык, Киев бийлиги Россия менен жаңжалды токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө АКШнын басымынын күчөшүнөн кооптонуп, Иранга каршы операцияны колдоп жатат.
"Кысым каалаган учурда күчөшү мүмкүн. Бул — Зеленский үчүн олуттуу коркунуч. Ошондуктан аны жоюу максатында украин бийлиги АКШнын Иранга каршы согушун кубаттады", — деп айтылат макалада.
Ишембиде АКШ менен Израиль Иранга каршы кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Ал эми өткөн жумада АКШ ислам республикасы менен "өзөктүк досье" боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган.
Тель-Авив соккулардын максаты Тегерандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин билдирди. Ал эми Трамп Ирандын флотун жана коргонуу өнөр жайын жок кыларын жарыялап, өлкө жарандарын режимди кулатууга чакырды.
Буга жооп катары Иран Израилдин аймагына жана Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскерий объектилерге сокку урду.
Россияда Вашингтон менен Тель-Авивдин чабуулунун өзөктүк куралды жайылтпоо режими менен эч кандай байланышы жок экенин айтып, сүйлөшүүлөргө кайтууну талап кылышты. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва жаңжалды жөнгө салууга көмөктөшүүгө даяр экенин, анын ичинде БУУнун Коопсуздук кеңешинде да иш жүргүзүүгө дилгирлигин белгиледи.
Иранга жасалган чабуулдан канча адам каза болгону белгилүү болду