БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Сауд Арабиясы, Оман, БАЭ менен эвакуациялык каттамдарды уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын кабарлады.
Ведомство маселе көзөмөлдө экенин, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берерин белгилеген.
"Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн кыргызстандыктарга этият болуу, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болуу сунушталат. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоо зарыл. Документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү унутпаңыздар", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринде 22 миң кыргызстандык бар экени айтылган болчу.