БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Таласта ок атуучу куралдар менен ок-дары катылган жай табылды.
УКМКнын маалыматына ылайык, анда эки аңчылык мылтык, үч майда калибрлүү винтовка, эки травматикалык тапанча, бир граната жана жүзгө жакын ок-дары табылган.
Учурда бул жайды уюштурууга тиешеси бар жарандарды аныктоо иштери жүрүп жатат.