"Хандык башкаруу болбойт, пиар — арам". Манас мэри алгачкы иштери тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Манас шаарынын жаңы мэри Абдупата Маткаликов калаада кандык башкаруу болбой турганын, жасап жаткан ишин жарнамалоону жактырбастыгын айтып, пиарды арам деди. Бул туурасында ал ЖМКлардын бирине интервью берип жатканда айткан.
Маткаликов калааны башкарууга келгенден бери ишкерлердин бизнесин тартып алууга байланышкан маселелер менен алектенип жатканын билдирген.
"Пиар кылбайм. Пиар — бул арам. Эч качан бирөөнү алдабаш керек. Колуңдан келсе жардам бер, келбесе убада бербе", — деди ал.
Ал шаардын жетекчиси баарына тең карап, саясатты да адилет жүргүзүшү зарылдыгын белгилеген. "Бир да адамдын укугу бузулбашы керек. Анын үстүнө элди жумуш менен камсыз кылуу — негизги милдет. Жалал-Абадга барганда да айттым: чоң-чоң имараттарды кургандан көрө беш миң, он миң адам иштей турган фабрикаларды курган туура. Эл тентип жүрөт, бизге кооз имараттардан көрө жумуш орундары керек", — деп кошумчалаган Маткаликов.
Эскерте кетсек, Манас шаарынын мэри 20-февралда алмашкан.
Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды