БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкектеги Ирандын элчилигине кыргызстандыктар гүл алып барып коюп, муну менен тилектештигин билдирип, кайгысын бөлүшүп жатат.
Иранда Израиль менен АКШнын аба чабуулдарынан көз жумган 165 окуучу кыз жерге берилди. Андан сырткары, аятолла Али Хаманеи эскерилип, митинг-реквием болду.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израиль биргелешип, Иранга чабуул жасаган. Бул кол салуу жетекчилеринен тарта жай жарандарга чейин санай келгенде жарым миңден ашык адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинде бейкүнөө кеткен 165 окуучу кыз бар. Мындан сырткары, Али Хаманеиден тарта бир нече аскер башчы каза тапкан.