Кыргызстан Жидда — Ош багыты боюнча авиакаттамдарды кайра жандантат

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Эртеңден тарта Жидда — Ош багыты боюнча түз авиакаттамдар кайра жанданат. Бул тууралуу Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, каттамдар жумасына үч ирет — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Биринчи кезекте мурда билет алып, бирок уча албай калган Кыргызстандын жарандарын жөнөтүү пландалууда.
Мындан тышкары, Марипов Жидда — Бишкек багыты боюнча да авиакаттамдарды жандандыруу маселеси каралып жатканын айтты. Алар да жумасына үч жолу аткарылары күтүлүүдө.
"Ош" эл аралык аэропортунун учуу-конуу графигинде көрсөтүлгөндөй, Кувейттен келген учак 4-мартта саат 1:00дө, ал эми Жиддадан келген учак саат 12:55те конот.
"Сабырдуулукка чакырам". Жапаров Жакынкы Чыгыштан 300 кыргызстандык алып келинерин айтты