Кыргызстан ЕАЭБ ичинде эт өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында эт өндүрүүнүн көлөмү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.
Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан 476,1 миң тонна продукция (тоок этин кошкондо) өндүрдү. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга көп.
Экинчи орунду 2,7 пайыздык өсүү менен Казакстан ээледи. Жалпысынан ЕАЭБ өлкөлөрүндө эт өндүрүү өсүп жатат.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө ири мүйүздүү малдын этин ташууга жеңилдик киргизилди