“Баңгизаттарды таратышат”. Парламентте антикино жайларын жабуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Эгенбердиева Кыргызстанда антикино форматындагы жайларды жабууну сунуштады.
Анын айтымында, мындай жайларда баңгизаттар колдонулуп жана таратылып жатат.
“Бул жайларды жабуу керек. Ал жерде жаштарыбыз баңгизат колдонуп, таратышууда. Негизинен ал жакка иштеген студенттер сменадан кийин барышат. Кино көрүү шылтоосу менен тыюу салынган заттарды колдонушат”, — деди Эгенбердиева парламент жыйынында.
Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев бул көйгөй чындап эле бар экенин моюнга алды.
“Так ушул сыяктуу жайларда жасалган көптөгөн кылмыштар аныкталды. Биз мындай шарт түзгөндөрдү да жоопкерчиликке тартып жатабыз”, — деди ал.
Депутат үйлөнчү жаштарды медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады