БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Израилдин чалгын кызматы Тегерандагы видеокамералар аркылуу Ирандын руханий лидери Али Хаменеи менен анын жан сакчыларын көзөмөлдөп турган. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар жазууда.
Daily Mail МОССАД камераларды бир нече жыл катары менен бузуп кирип, шаардагы бардык байкоо системасын колго алганын жазды. Андан алынган сүрөттөр Тель-Авивге токтоосуз жөнөтүлүп турган.
Британдык ЖМКлар айрым кадрларда Хаменеинин резиденцияга келген учурунда коопсуздук кызматкерлери жеке автоунааларын токтотуп жатканы да тартылганын билдирди.
Эске салсак, Ирандын руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Израиль менен АКШнын жасаган чабуулунан курман болгон. Каршылаштардын ракетасы ал иштеп жатканда Тегерандагы резиденцияга келип түшкөн. Аятолла менен кошо бүлөсүнөн кызы баш болуп, бир нече адам көз жумган. Андан кийин алган жаракатынан жубайынын да каза тапканы айтылды.