Россиялык инвестициялык фонд Кыргызстанга ири долбоорлорду сунуштады. Тизме

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бүгүн, 3-мартта, россиялык Central Asia Capital инвестициялык фонддун өкүлдөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугуп, Кыргызстанга бир нече ири долбоорду сунуштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Инвестициялык фонд төмөнкү сунуштарды киргизген:
Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриялык паркты куруу;
Бишкекке жакын аймакта индустриялык парк, электр кубаттоо инфраструктурасынын тармагын түзүү;
Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо.
Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.
Өкмөт: Майлуу-Суу лампа заводунун кызматкерлеринин айлыгы бир ай ичинде төлөнөт