БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте жеке үй ээлерине жер тилкелеринде автоунаа токтотуучу жайларды уюштурууга укук берүү каралууда. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясынын 2027-жылдын 1-февралына чейин пилоттук долбоор өткөрүү сунушун колдогон.
Шаар бийлиги бул жайларды уюштуруунун тартибин жана кызматтар үчүн тарифтерди бекитүүгө, пилоттук долбоор жакшы жыйынтык берген учурда тиешелүү нормативдик-укуктук актыларды даярдоого милдеттендирилди.