Бишкек — Ош жолунда жүрөк үшүткөн жол кырсыгы катталды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгы катталганын Ош облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 26-февралда болгон. Каарман айылынын тушунда эки Daewoo Matiz кагышып, алардын бири Honda Fit унаасын сүзгөн. Натыйжада үч адам жабыркаган.
Окуянын күбөсү кырсыктын видеосун соцтармакка жарыялап, Каарман айылынын тушунда жол эрежелери күн сайын бузуларын белгилеген. Ал айдоочуларды шашпоого да чакырды.
Чүй облусундагы жол кырсыктан эки адам каза болду