БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. АКШ менен Израилдин кол салуусунан бейкүнөө каза болгон ирандык окуучу кыздардын өлүмүнө реакция кылган Калифорния штатынын губернатору Гэвин Ньюсом нааразылыгын билдирди.
"Ирандык окуучу кыздар АКШга кандай кооптуулук жаратыптыр?" — деп суроо салган Ньюсом.
Ал Тель-Авив менен Вашингтондун бомбалары балдардын өмүрүн алып жатканына моюн сунуп отургандарга кайрылган.
"Эмне, АКШнын жана Израилдин бомбалары бейкүнөө балдарды өлтүрүп жатканына унчукпай моюн сунабызбы?" — деген Калифорния штатынын губернатору.
Эске салсак, 28-февралда Израиль менен АКШнын аба чабуулдарынан көз жумган 165 окуучу кыз жерге бүгүн берилди.