Кыргызча ырдаган африкалык өспүрүмдөр Бишкекке келүүгө ниеттенип жатат. Видео

Балдар жергиликтүү академияда билим алышат. Жетишпеген турмушта жашаган өспүрүмдөргө ыр, бий, музыка аркылуу талантын ачууга мүмкүнчүлүк жаралат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Буга чейин "Алтын өмүр" ырын аткарган ролиги интернет айдыңына тарап, кыргызстандыктардын колдоосуна арзыган африкалык, тагыраагы, руандалык балдардын ыр тобу Бишкекке келип кетүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Moriox Kids Academy долбоорунун негиздөөчүсү билдирди.
бек Соурбаев, ал эми обонун Кубанычбек Калыков жазган "Алтын өмүр" ырын аткарып, кийин элдик кара жоргону да бийлешкен. Балдардын бири музыка аркылуу кыргыз маданияты менен таанышкандыктарына канааттанганын айткан. Алар роликте ырдын Гүлназ Чыныбек кызынын аткаруусундагы вариантын пайдаланышкан.
"Жакынкы убакта Кыргызстанга барууну пландап жатабыз. Силер үчүн көптөгөн кызыктуу жана позитивдүү долбоорлорду даярдадык", — деген Moriox Kids Academy долбоорунун негиздөөчүсү.
Бул балдар жергиликтүү академияда билим алышат. Жетишпеген турмушта жашаган өспүрүмдөргө ыр, бий, музыка аркылуу талантын ачууга мүмкүнчүлүк жаралат. Гастроль менен чет өлкөлөргө да чыгып турушат.
БУУда кыргыздын мукам обондору менен күүлөрү жаңырды. Видео