Орозо учурунда ден соолукка пайдалуу азыктарды тандоо абдан маанилүү. Ачка болгондо кан басым жана канттын көлөмү нормага келет. Ошондой эле ичеги-карын да тазаланат. Орозо туткандар ден соолугуна кайдыгер карабастан, тамактанууда пайдалуу азыктарды жеп-ичиши керек. Көпчүлүгү ооз бекиткенде көп тамак жесем кечке чейин ток, энергиялуу жүрөм деп ойлойт.Тескерисинче, мында ашказан кеңейип, тамак кеч сиңет. Негизи ооз ачканда дароо тамактангандан кармануу зарыл. Алгач жылуу суу ичип, 10-30 мүнөт өткөндөн кийин тамактанган дурус. Суу ичүү менен күнү бою ачка жүргөн организмди тамактанууга даярдайбыз. Белок, оор углевод, май камтыган азыктарды колдонгонго аракет кылыңыз. Азыктанып жатканда шашпай, майда чайнап жегенге маани берүү дурус. Ал эми өтө туздуу, майлуу, ачуу, куурулган жана эскирген тамактарды жегенге болбойт. Таттуулардан баш тартып койгон оң. Бур тууралуу кененирээк Көз мончоктонугуңуздар.