Быйыл борбор калаанын гүлзарларына 2 миллионго жакын гүл отургузулат. Жазында адаттагыдай эле алгач тюльпандар отургузулуп, андан кийин күн жылыганда сезондук башка гүлдөр менен алмаштырылат. Жоогазындын 38 түрү өстүрүлүп, шаардын көчөлөрүнө өзгөчө көрк берип, жаздын келгенин баяндайт. Күн жылыганда алардын ордун цинерария, пеларгония, сальвия сыяктуу жайкы гүлдөр ээлейт. Бул гүлдөр ысыкка чыдамдуу келет. Гүлдөрдү тандоодо алардын түс айкалышы, шаардык ландшафтка шайкештиги жана климаттык шартка туруктуулугу эске алынат.
Бул тууралуу "Бишке жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев билдирди. Мындан тышкары ал шаар кеңейип, жаңы тратуарлар салынып, эски көчөлөр оңдолуп жаткандыгына байланыштуу 50 миң бак-дарак алып келинип, отургузуларын кошумчалады.