Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Жалал-Абад облусунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титиредиОрмуз жабылды. Иран кысыкка кирген кеменин баары бутага алынарын айттыЭкономика министрлиги 2025-жылы экспорт эмнеге төмөндөп кеткенин түшүндүрдүКыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги өткөн жылы экспорттун кыскарышынын себептерин жарыялады. 2025-жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 15,8 миллиард долларды түзгөн. Мурдагы жыл менен салыштырганда ал 10,2 пайызга азайган. Буга негизинен экспорттун кыскарышы себеп болгон. Товар жеткирүүлөр 44,5 пайызга кыскарып, 2,8 миллиард долларды түзгөн. Ал эми алтынды эсепке албаганда 19,7 пайызга азайып, 1,9 миллиард доллар болгон. Ошол эле учурда Экономика министрлиги белгилегендей, алтын экспорттун негизги үлүшүн ээлейт.
Кечээ, 2-мартта саат 18:44тө Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди. Маалыматка караганда, жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетип, очогу Токтогул шаарынан түштүккө карай 22 чакырым, Кетмен-Төбө айылынан түштүк-батышка карай 17 чакырым, Көк-Бел айылынан түштүк-батышка карай 3 чакырым жана Кара-Көл шаарынан түндүк-чыгышка карай 20 чакырым аралыкта жайгашкан. Жердин силкинүүсү Көк-Бел айылында 3,5 баллга жакын, ал эми Кара-Көл шаарында жана Кетмен-Төбө айылында — 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Жакынкы Чыгыштагы соңку окуялардан кийин Ормуз кысыгын жапкан Иран аймакка кирген бардык кемелерди аткылай турганын эскертти. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык суу транспортуна тиешелүү экенин айтты. "Ормуз аркылуу өткөнгө аракет кылгандарды өрттөйбүз. Бул аймактан бир тамчы мунай алып чыгып кеткенге жол бербейбиз", — деген Жаббари ISNA маалымат агенттигине. Аталган кысык аркылуу өткөн кыймылдын чектелиши мунай жана газды кайра иштетүүдөн алынган башка продукциялардын баасын да кескин жогорулатат. Анын ичинде авиаотун да бар. Былтыр күн сайын дүйнөлүк жеткирүүлөрдүн 18 пайызы ушул кысык аркылуу өткөн. Ал эми дүйнөдө мунай жана суюлтулган газ транзитинин болжол менен 20 пайызы дал ушул Ормузга туура келет.
Европада жаратылыш газынын баасы бир күндүн ичинде 48 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги кабарлайт. Маалыматка ылайык, АКШ менен Израилдин Иранга жасаган соккуларынан кийин Ормуз кысыгындагы танкерлердин кыймылы дээрлик токтоп калган. Бул кысык дүйнөлүк энергетикалык ресурстарды жеткирүүдө стратегиялык мааниге ээ. Жеткирүү чынжыры үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуу газдын баасына дароо таасирин тийгизген. Нидерланддагы TTF виртуалдык соода аянтчасында апрель айында жеткириле турган газдын баасы 2-мартта бир мегаватт-саат үчүн 47,2 еврону түздү. Ал эми 27-февралда баа 31,95 евро болгон. Ошентип, баа мурдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 48 пайызга өстү. Мындан тышкары, Иран тараптан учурулган дрон Катардагы Рас-Лаффан өнөр жай шаарындагы Qatar Energy компаниясынын энергетикалык объектисине тийгенден кийин, компания суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүнү убактылуу токтотконун жарыялаган. Бул дүйнөлүк рынокто суюлтулган газды жеткирүү азайышы мүмкүн деген кооптонууну күчөттү.