Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек

Sputnik
3-мартты туу күнү катары белгилеп келе жатканыбызга 34 жылдын жүзү болду. Мамлекеттик ыйык символикалардын бири болгон туубуз андан бери миңдеген иш-чараларда желбиреп, жүздөгөн мелдештерде, сынактарда өлкө намысын коргогон эр-азаматтарыбыздын демине-дем кошуп турду.
34 жыл аралыгында ондогон мекемелерде күн-түн дебей өз кызматын кынтыксыз аткарып жаткан туулар кантип жасалат? Кимдер жасайт? Туу жасоо процесси кандай жүрөт?
Деги эле бул өзгөчө жоопкерчиликтүү иштин артында кимдер турат, деген суроолорубуз менен бүгүнкү “Күн башат” уктуруусуна мамлекеттик жана эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар үчүн туу жасаган компаниянын жетекчиси Султан Аскат уулун чакырдык.