БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Чүйдө жол кырсыгынан эки адам көз жумду. Бул тууралуу облустук жол милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 1-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 100-чакырымында катталган. Анда Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу Nissan Serena автоунаасын озуп өтмөкчү болуп, каршы тилкеде келе жаткан Audi C4 менен кагышкан.
Окуя болгон жерде Audi унаасынын 67 жаштагы жүргүнчүсү каза болгон. 74 жаштагы айдоочу аймактык ооруканага бара жатканда көз жумган. Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жаткырылган.